Кулматов менен Ибраимовго өкүм чыгышы күтүлүүдө
Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук жараян уланууда.Соттук отурумда жарыш сөз жүрүп, прокурор Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматовго 15 жыл ал эми Албек Ибраимовго 20 жыл абак мөөнөтүн сурады. Эске салсак, Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда. Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Абылгазиев Орусиядагы жол кырсыгында каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
8-декабрда Оренбург-Акбулак унаа жолунда каза болгон 4 кыргызстандыктын сөөгү тийиштүү процесстерден кийин мекенине жиберилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жаракат алган дагы 3 жаран Соль-Илецк шаардык ооруканасына жеткирилип, абалдары оор экени айтылат. Буга байланыштуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Мындан сырткары, Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү кызматтарга кырсыктан каза болгондорду Кыргыз Республикасына алып келүүгө байланыштуу маселени чечүү жана жаракат алган жарандарга зарыл болгон медициналык жардамды берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тууралуу
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Ала-Бука районундагы Ак-Курча аймагында жергиликтүү тургундун малы Өзбекстанга өтүп кеткен.Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, мал чек арадан өтүп кетсе коңшу өлкөнүн чек арачылары айдап келиши керек. Ушул эреженин негизинде өзбек чек арачылары малды айдап келген учурда жергиликтүү тургундар менен кайым айтыша кеткен. Окуя болгон жерге Кыргызстандын чек арачылары келип, коңшу өлкөнүн чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Натыйжада эки тараптын ортосундагы түшүнбөстүк жөнгө салынган. Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасында мыйзам бузуу болбогонун жана абал тынч экенин кабарлады
.