• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Эне-баланы коргоо борборуна таандык жерлер жеке колго өтүп кеткен. Бишкекте веложүрүш өтөт

28 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖЕРЛЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 58 млн 150 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөө учурунда 2007-жылы Бишкектин Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жарандардын жер тилкелерге болгон жеке менчик укуктары жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсыз мүлктөр кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

ШАМЕНОВ КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги СИЗО-1де камакта жаткан жарандык активист Илгиз Шаменовду тез арада ооруканага жаткыруу керек. Бул тууралуу активисттин фейсбук баракчасына жарыяланды.

Ал өз кайрылуусун өлкөнүн Акыйкатчысына жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна жолдоп, ден соолугу начарлап жатканын жана дарыгерлер аны тез арада ооруканага жатып дарылануусун сунуш кылышканын айткан.

 27-мартта бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкектеги СИЗО-1 абагында жаткан Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна, укук коргоочу уюмдарга жана ММКларга кайрылуу жолдошкон.

Алар кайрылуусунда чара көрүп, Гүлнара Журабаева, Таалайбек Мадеминов, Илгиз Шаменов жана Чыңгыз Капаровду дарыланууга жөнөтүүнү суранышкан.

ВЕЛОЖҮРҮШ ӨТӨТ

Бишкекте жекшемби, 2-апрелде борбор калаанын 145 жылдыгына карата «Велосезон-2023» ачылышы болот.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталып Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багына чейин уланмакчы.

«Жүрүштү саат 09:00дө баштап,10:30да аяктоо пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 71