• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Энергетика министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Батирден адамдын жансыз денеси табылды

20 Кулжа 2022 14:01 Бишкек Govori.TV

ЕВРАЗИЯЛЫК ӨКМӨТТӨР КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ
Үстүбүздөгү жылдын 20-21-июнунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы катышат.
Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.
Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулашат.
Белгилей кетсек, 21-июнда Минск шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезексиз жыйыны да өтөт.

ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ДАЙЫНДАЛДЫ
Эркин Тавашаров жана Байзак Азизбеков КР энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.
Ведомстводон билдиргендей, аларды дайындоо тууралуу буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, буга чейин Азизбеков Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын орун басары, ал эми Тавашаров «Электр станциялары» ААКтын башкы директору кызматын аркалап келген.

БАТИРДЕН ЭРКЕК КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Айни көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 59 жаштагы Н.Т. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 449