• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Эртай Искаков абактан чыкты. Кайра шайлоодо Самаков жеңүүчү деп табылды

21 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

БШК САМАКОВДУ ЖЕҢҮҮЧҮ ДЕП ТАПТЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Кечээ кабыл алынган чечимге ылайык, шайлоодо 5 миң 279 добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңди деп табылды.

Шайлоо учурунда 33 арыз-даттануу түшкөн. Анын ичинен жумушчу топко жети, ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 26 документ жөнөтүлгөн. Алардын баары каралып, тиешелүү чаралар көрүлгөн жана арызданган тараптарга жазуу түрүндө жооп берилген.

ИСКАКОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Блогер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Искаков үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди. 

Маалым болгондой, мындай чечимди 20-сентябрда Сокулук райондук соту чыгарган.

Эске салсак, милиция 15-июлда суу маселесине байланыштуу нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алган. Аларга «жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган» деген берене менен иш козголгон.

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА 5 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Өлкө аймагында акыркы бир сутканын ичинде 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 2, Жалал-Абад облусунда – 2 жана Талас облусунда – бир тилсиз жоо катталган.

Андан тышкары, куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.

Количество просмотров: 94