• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Форма №2 менен добуш топтогон партиялар кайсылар? Шайлоо бюллетендери даяр болду

25 Аяк оона 2020 14:18 Бишкек Govori.TV

Шайлоо бюллетендери даярдалды

“Учкун” басмаканасында даярдалган шайлоо бюллетендери чет өлкөлөрдөгү жана аймактардагы шайлоо бекеттерине жеткирилүүгө даяр. БШкомиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, 24 сентябрьга карата 3 млн 523 миң 532 бюллетен басылып чыгарылган. Алар шайлоо күнүнө он күн калганга чейин шайлоо бекеттерине жеткирилет.

Форма 2 менен добуш топтогон партиялар кайсылар

“Бутун Кыргызстан”, “Реформа” жана “Чоң казат” саясий партияларынын өкүлдөрү президентке кайрылуу жазашты. Алар Сооронбай Жээнбековдун «шайлоодо добуш сатып алуу фактылары катталса сөзсүз чара көрүлөт” деп айткан сөзүн мисалга келтирип, аны аткарууну суранышты. Алар өз сөзүндө айрым партиялардын форма эки менен добуш топтоп жаткандыгы, бул биринчи кезекте шайлоочулардын укугун бузуу экенин билдиришти. “500 миңге чукул шайлоочулардын форма 2 менен добуш берүүсү акылга сыйбаган нерсе. Адамдарды бир жерден экинчи жерге ташып жатышат. Ачык эле добуш сатып алуу болуп жатат”-дейт Токтосун Барманов.

Бир суткада коронавирус жуккан жаңы 175 учур катталды

Кыргызстанда 25-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 175 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Республикалык штабдын билдирүүсүнө караганда, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 45 миң 932 адамга жетти. Алардын ичинен 42 миң 147 киши айыгып чыккан, жана 1 миң 63 адам каза болгон. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 284 адам дарыланууда. Ал эми акыркы сутка ичинде 142 адам бейтап айыгып, ооруканадан чыкгарылган.

Количество просмотров: 330