• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Гордеев Олимпиада оюндарына катышып бүттү. ЖКда мигранттардын көйгөйү айтылды

16 Бирдин айы 2022 13:55 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 16-февралга карата коронавирус 54 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Акыркы суткада 207 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 175 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 935 адам каза болду.

ГОРДЕЕВ ОЛИМПИАДАДА КҮЧ СЫНАДЫ

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Бээжиндеги Олимп оюндарында лыжа тебүүнүн слалом дисциплинасында күчүн сынады.

Ал катышкан эркектер арасында лыжа тебүү спортунан жалпы 88 лыжачы күчүн сынаган. Кыргызстандык спортчу 81-номерде катышып, биринчи аракетинде кулап, марага жетпей калган. Жалпысынан 31 спортчу биринчи аракетте финишке жете алган эмес.

Максим Гордеев 26 жашта. Лыжа боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал 2022-жылы Бээжин Олимпиадасына жолдомого ээ болгон кыргызстандык биринчи спортчу болуп калды. Ал Ачылыш аземдеги парадда кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо өлкөнүн туусун көтөрүп өткөн.

ДЕПУТАТТАР МИГРАНТТАРДЫН  МАСЕЛЕСИН КӨТӨРҮШТҮ

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Орусияда медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам мигранттарды машакатка салып жатканын айтып чыгышты. Эл өкүлдөрү бул мыйзам Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптарына жооп бербей турганын белгилешти.

Депутат Дастан Бекешев бул маселени жогорку жетекчилердин дгээлинде сүйлөшүү зарылдыгын айтты.

Ушул эле маселени депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев, Жусупбек Коргонбай уулу көтөрдү.

Жанар Акаев мигранттардын, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары кабылып жаткан жагдайларга көңүл бурбай отурган Кыргызстандын биримдиктеги өкүлдөрүн сындады.

Жана ошондой эле  депутаттар төрага Талант Мамытовдон жакында Орусияга боло турган сапарынын жүрүшундө ушул маселелерди көтөрүү демилгесин айтышты.

Орусия миграциялык мыйзамдарды улам катаалдатып келет. Маселен, 1-марттан тарта жаңы медициналык талаптар киргизилүүдө. Ага ылайык, ар бир айда, үч айда, анан жыл сайын текшерүүдөн өтүп турушу керек.

Количество просмотров: 111