• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Исаков 7 жылга соттолду. УКМКнын төрагасы отставкасы тууралуу түшүндүрмө берди

15 Бугу 2019 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Экс-депутат Музаффар Исаков 7 жылга соттолду

Жалал-Абад облустук соту парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковду жети жылга камап, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарды. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура 2017-жылы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага «2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. Исаков мандатын 2018-жылдын 24-декабрында тапшырган. Жалал-Абаддын Сузак райондук соту ага коюлган «Коррупция» беренесин «Жер мыйзамдарын бузуу» беренесине которуп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Мамлекеттик айыптоо Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, анын жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте тартышын жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган болчу.

УКМКнын төрагасы отставкага кетти

УКМКнын төрагасы Идирис Кадыркулов отставкага кетти. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Идирис Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине козголгон ишке байланыштуу коомдук пикирден улам иштен кетип жатканын маалымдайт.
«Коомдо паспорт чыгарууга бланк сатып алуу боюнча козголгон иштин алкагында кызуу талкуу жүрүүдө. УКМКнын түшүндүрмөлөрүнө карабай, тергөө калыс эмес жүрүп, ага менин таасирим бар экендиги боюнча божомолдор айтылууда. Мындай божомолдорду четке кагуу үчүн отставкага арыз жазуу чечимин кабыл алдым», — дейт ал.
Эске салсак, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Соттун чечими менен «Инфоком» ишканасынын директору Талант Абдуллаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана мамкаттоонун төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев соттолгон. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Орусияда кыргыз жигит башкарган унаа жөө аялды сүзүп кетти

Россиянын Ленинград облусунун Всеволожск районунда кыргызстандык жигит башкарган унаа жол кырсыкка кабылды. Окуя кечээ, 14-майда саат 17:00 чамасында болгонун жергиликтүү басылма жазды.
Болжолдуу маалымат боюнча, «Хендай Солярис» унаасын башкарган айдоочу уруксат берилбеген жерден өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткен. Жөө аял орто деңгээлдеги жаракат алган. Унаага «Везёт» таксисинин белгилери түшүрүлгөн. Учурда бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 29