• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Исаков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болду. Кызды калькулятор менен чапкан адам 1 айга камалды

16 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 16-августка карата коронавирус дагы 237 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Ал эми бир суткада 469 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 101 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 112 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 327 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 249 киши айыгып чыкса, 2 миң 451 адам каза болду.

БИШКЕК МЭРИЯСЫНЫН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ ДАЙЫНДАЛДЫ

Миргазы Исаков Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал буга чейин президенттин администрациясынын уюштуруу-текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп иштеп келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып Айбек Жунушалиевди дайындаган.

Бишкек шаардык кеңеши 26-августта мэрди шайлайт.

САТУУЧУНУ ЧАПКАН ЭРКЕК БИР АЙГА КАМАЛДЫ

Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан 29 жаштагы жарандын бөгөт чарасы тандалды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында бир ай камакта болот. Буга чейин А.А. 13-август күнү бул жаран шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

Эске салсак, 2-августта Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда А.А. мас абалында кызматкерди агрессивдүү түрдө кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылып, калькулятор менен башка чапкан. Аталган факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”) менен каттоого алынган. Бирок кийин иш кайра 266-беренеге (“Бейбаштык) өзгөртүлгөн. УКМК аталган жаранга эскертүү берген

Количество просмотров: 110