Жактоочу: Сапар Исаков сотко күч менен алынып келинди
УКМКнын Тергөө абагындагы камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков соттук отурумга күч менен алынып келинди. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
«УКМКнын кызматкерлери Сапар Исаковду күч менен алып келишти. Бул мыйзамсыз. Адамды сотко мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду соттук приставдар аткарышы керек болчу», -дейт жактоочу.
Кошумчалай кетсек, 25-октябрда Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну мурдагы премьер-министр Жылуулук Электр Борбору боюнча иштеги айрым күбөлөрдүн суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн.
Мындан соң сот Исаковду мажбурлоо жолу менен алып келүү жөнүндө токтом кабыл алган.
Бир гана Сапар Исаков эле эмес Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча шектүү катары өтүп жаткандардын баары соттук отурумга катышпайбыз деп жатышкандыктан, сот 2 токтом чыгарды, биринчиси -айыпталуучуларды отурум залына күч менен алып келүү, экинчиси- эгер айыпталуучулар көрсөтмө берүүдөн баш тартышса дагы процессти улантуу. Айыпталып жаткандар аргасыздан, сотто көрсөтмө берүүгө макул болушканы тууралуу журналисттерге Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Эске салсак, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек Жылуулук Электр Борборун модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгендиги боюнча, кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Биримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылууда.
Бул иш боюнча сот быйыл февраль айынан бери жүрүп жатат.
Беларусиянын президенти коммуналдык төлөмдөрдү эки эсеге азайтты
Беларусиянын президенти Александр Лукашенко коммуналдык төлөмдөрдү азайтуу боюнча чыгарылган Указга кол колду. Бул тууралуу russ-news агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, жашоо тиричилигине байланыштуу 6 кызмат көрсөтүүнүн түрүнө арзандатуу киргизилет.
Жергиликтүү калктын финансылык жүгүн азайтууга арналган указдын негизинде суу менен камсыз кылуу кызматынын акысы 1,7эсе төмөндөйт.
Ал эми кошумчалай кетүүчү жагдай Кыргызстанда ушул жылдын 4-июлунда чыккан долбоордо таза суунун бир куб метрин жеке адамдар үчүн 5,38 сомдон 8,1 сомго кымбаттатуу каралган. Бюджеттик уюмдар үчүн 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Мындан сырткары шаардык кеңештин депутаттары каналазацияга болгон тарифти 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин көтөрүүнү сунушташкан.
Депутаттар мунун себебин азыркы тарифтер өзүн өзү актабай жатканы менен түшүндүргөн.
«Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча жаңы каттам ачылды
«Ош» эл аралык аэропортуна «Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча узгултуксуз жаңы каттам ачылды.
Бугун, 2019-жылы 28-октябрда «Jazeera Airways авиакомпаниясынын «Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча биринчи каттамды салтанаттуу тосуп алуу иш чарасы болуп отту.
Салтка ылайык, Airbus-320 Neo учагын өрт өчүрүүчү машинелерден бүркүп чыгарылган суу аркасы менен тосуп алышты.
Оштон Кувейт шаарына 139 жургунчу учууга катталды.
Авиакаттамдар жумасына эки жолу – дуйшомбу, шаршемби кундору аткарылат.