• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Ишкердин өлүмү боюнча өкмөткө сындар айтылды

23 Тогуздун айы 201914:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга мунайды автоунаада ташып келүүгө тыюу салынды
Кыргызстанга мунай жана мунайзаттарынын айрым түрлөрүн автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-октябрда кол койду.
— Бул чечим көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган, — деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.
Бирок ташууга убактылуу тыюу салынган мунайзаттарынын айрым түрлөрү кайсылар экени көрсөтүлгөн эмес. Тыюу салуу качанкыга чейин күчүндө болору, бул аралыкта темир жол менен гана ташыш керекпи же башка жолдору барбы – бул тууралуу чечимде жазылган эмес.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизел отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 миллион 400 миң тоннаны түзөт. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80% Орусиядан келет.
2018-жылда күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташыган 73 факт катталган, алардын көлөмү 146 530 литрди түздү, бул болжолдуу 5 миллион сомго барабар.
2019-жылдын январынан июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзат ташылып келинген.


Депутат: 7 сом бир балага аз, балдарды төрөгөн соң, төлөш керек!
Бугун Парламентте мектеп окуучуларынын тамак-ашы тууралуу талкуу болду Депутаттар 3-окууда тиешелүү мыйзам долбоорун карап жатышат.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн билим берүү мекемелеринин 60 пайызы ысык тамак менен камсыз болгон. Ар бир балага күнүнө 7 сомдон каралат. Депутат Евгения Строкова кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Ал ата-энелердин балдардын боткосуна акча берүүсүн нормалдуу көрүнүш дейт.
«Эмнеге болбосун? Албетте, 7 сом бир балага аз. Ата-энелер дагы буга кошулушу керек. Бул алардын балдары да, алар төрөшкөн», -дейт депутат.
Депутат Улугбек Ормонов дагы 7 сом аз экенин белгилеп, айрым мектептерде ысык тамак үчүн 4 сомго жетпеген каражат бөлүнүп жатканын кошумчалады.
Бүгүнкү күндө 625 миң 767 бала окуган (1-класстын окуучулары) 2 миң 265 жалпы билим берүү уюмдарында жана 1 миң 371 мектепте (1-4-класстын окуучулары) ысык тамак уюштурулган. Бул мектептердин 60 пайызын түзөт. Мектеп тамак-ашына 600 миллион сом бөлүнгөн. Дагы кошумча 88 миллион сом каралган.


Жанар Акаев ишкерлерди коргой албаганы үчүн өкмөттү айыптады

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жеке ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу парламентте маселе көтөрүп, бул фактыны өлкөдөгү криминалдын күчөшү катары сыпаттады. Ал ишкерлерди коргой албаганы үчүн өкмөттү айыптады.

Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып жана андан соң өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөргон.
Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымдагандай, ишкер жоголгондугуна байланыштуу ички иштер органдары тарабынан бардык тиешелүү ыкчам-издөө чаралары көрүлүп, анын натыйжасында сегиз шектүү кармалып, учурда алар тергөө абагына киргизилген.Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев : «Жарандар,  анын ичинде чет өлкөлүк ишкерлер ишкердик менен эркин алектенүүсү үчүн мамлекет ишкерлерди коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрөт. Милициянын уюшкан  иш-аракеттеринин жана «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүндүктөрүнүн натыйжасында бул аёосуз жана мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысынын бети ыкчам ачылды. Ошону менен катар акыркы окуялар укук коргоо органдары ишкерликти колдоо боюнча тереңдетилген иштерди аткарууга тийиш экендигин даана күбөлөндүрүп турат. Бул өлкө экономикасы үчүн ишкерлер арасында колдоо тапкан Өкмөттүн бизнести коргоо боюнча демилгелеринен кем калбаган мааниге ээ», – деп баса белгиледи.

Количество просмотров: 72