• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Ишкерлерди коргоо күчөтүлөт. Аялына кол салган бөтөлкөлөшүн өлтүргөн жаран 9 жылга кесилди

19 Жетинин айы 201915:24 Бишкек Govori.TV

АБЫЛГАЗИЕВ ИШКЕРЛИКТИ КОРГООНУН ЖАҢЫ ЧАРАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУНУ АЙТТЫ
«Кыргызстандагы ишкерлер коомдун өнүккөн бөлүгү болуп туруп, укуктары тебеленген учурлар көп. Бул инвестициялык климатка жана өлкөнүн экономикасына түздөн-түз таасир этет». Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 18-ноябрь күнү өткөн жыйында билдирди.
Ал ошондой эле ишкерликти текшерүүгө мораторий жарыялоо менен тармактын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн да баса белгиледи. Бирок айрым укук коргоочу органдардын иши ишкерликти колдоо жана коргоо чараларын күчөтүүнү, текшерүүчү органдардын иштөө принциптерин карап чыгууну талап кылып жатканын кошумчалады.
Тилекке каршы укук коргойт деген органдар өздөрү мамлекеттин инвесторлорду коргоо саясатына каршы иштеп жатканы тууралуу арыз-дооматтар бар,» деп белгилеген Абылгазиев, күч кызматтары коррупциялашкан кызматкерлеринен арылууга тийиш экендигин айтты.
Аягында премьер-министр күч кызматтарынын жетекчилерине ишкерликти коргоонун жаңы, талапка ылайык чараларын иштеп чыгууну тапшырды.


ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАНДЫН ӨЛҮМҮ ИЛИКТЕНҮҮДӨ
29 жаштагы кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча Орусиядагы элчилик тиешелүү органдар менен кызматташып, иликтөө жүргүзүүдө. Алдын ала чыгарылган маалыматтар боюнча маркумдун өлүмү кырсыктан болушу ыктымалдыгы айтылууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлашынча, так маалымат соттук-медициналык экспертизанын корутундусунан соң гана берилет. Маркумдун сөөгү 17-ноябрда мекенине жеткирилген.
Орусиянын айрым маалымат каражаттары 29 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болгонун жазып чыгышкан. Басылмалар, маркумдун сөөгү табылган кезде кабыргалары сынып, өпкөсүнө учтуу буюм сайылганы аныкталганын жазышкан.
Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Былтыр орус паспортун 9 миңдей кыргызстандык алган. Мындан тышкары 20 миңден ашуун кыргызстандык Орусияда убактылуу жашоо уруксат кагазы, дагы 20 миңге жакыны туруктуу жашоого уруксаты менен жүрөт.


ЧҮЙДӨ АЯЛЫНА КОЛ САЛГАН БӨТӨЛКӨЛӨШҮН ӨЛТҮРҮП АЛГАН ЖАРАН СОТТОЛДУ
Айыпталуучу аялына кол салган бөтөлкөлөшүнүн өмүрүнө забын болгон делип тогуз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтында жарыяланды.
Өкүмгө ылайык, Чүйдөгү айылдардын биринде 44 жаштагы эркек дүкөнгө арак алганы барып таанышына кезигип калган. Андан соң экөө үйгө келип ичип, мас болуп, кызганычтын айынан уруша кеткен. Мушташкандарга үй ээсинин жубайы арача түшкөн. Мас киши коногун бир нече жолу үбөлүк менен башка чабууга үлгүргөн.
Сот отурумунда шектүү кылганын мойнуна алып, бөтөлкөлөшү аялын зордуктоого аракеттенгенин айткан.

Количество просмотров: 79