• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Көлбаев кармалды. Мурунку министр суракка чакыртылды

22 Тогуздун айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн 22-октябда Кыргызстанда COVID-19 илдетинен төрт өлүм катталды.Бул тууралуу республикалыкек табдан кабарлашты. Маалымат боюнча Баткен облусунан бир , Бишкек шаарынан эки, Ош облусунан бир бейтап каза болду. Жалпысынан коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1122ге жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдетин жуктурган 547 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында менен Баткен облусунда. Ал эми акыркы суркада коронавирустан 282 бецтап айыкты.

КӨЛБАЕВ КАРМАЛДЫ

Социалдык тармактарда Камчы Көлбаев атайын кызмат тарабынан кармалганы тууралуу сүрөттөр тараган. Анда Көлбаевди УКМКнын кызматкерлери кармаганы айтылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган иш боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматынан кийинчирээк толук маалымат берилерин билдиришти

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары каттоодо турат.

ЖЭЭНБАЕВА СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

Экс-финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана Финансы министрлигинин эки кызматкери Финполго суракка чакыртылды. Бул маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат катчысы тастыктада.

Сурак берүүгө билдирме бүгүн эртең менен тапшырылган.

Басма сөз катчынын айтымында, Жээнбаева суракка Соттук өкүлчүлүк борборундагы акча коромжулугуна байланыштуу жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү боюнча чакырылды.

Жээнбаева Финансы министрлигинде жетекчи болуп 2018-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын октябрына чейин иштеген. 2014-жылы анын ордуна Кыялбек Мукашев дайындалган.

Количество просмотров: 134