• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Көлдөн 22 тонна таштанды чыгарылды. Жол кырсыгынан 3 киши жабыркады

17 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЫСЫК-КӨЛДҮ ТАШТАНДЫДАН ТАЗАЛОО

Ысык-Көлдөн 210күндүн ичинде 22 тонна 506 кг таштанды жана 162 миң 300 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Суучулдар Ысык-Көлдө 13-14-ноябрь күндөрү балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарып, кармалган балыктарды сууга коё беришти.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде аткарылууда.

АБАКТАГЫ ЖАРАН КАЧУУГА АРАКЕТ КЫЛГАН

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан соттолгон жарандын түзөтүү абагынан качуусуна бөгөт коюлду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, соттолгон адам качып кетүү максатында тосмодон өтүүгө үлгүргөн. Ал конвой менен коштоп жүрүү милдеттерин аткарган департаменттин аскер кызматкеринин бир нече эскертүү огунан кийин кармалган.

Бул факты боюнча ЖАКтын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

КЫРСЫКТА 3 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

15-ноябрь күнү болжол менен саат 20:59 чамасында Токмок шаарынын Жантаева-Колхозная көчөсүнүн кесилишинен «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаа күн батыштан чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай карама каршы тилкеге чыгып «Хонда Адиссей» унаасы менен сүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыкта «Фольксваген пассат» унаасынын матор жагынан түтүн чыгып, жолду көрбөй калган. Кырсыктан кийин унаа күйүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хонда Одиссей» унаасынын 2 жүргүнчүсү жана «Фольксваген пассат» унаасынын айдоочусу Токмок шаарынын аймактык оорканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 101