ЖАПАРОВ МЕНЕН МИШУСТИН ЭМНЕ ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШТҮ?
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Россиянын өкмөтүнүн сайтында жазылгандай, өкмөт башчылар кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүдө негизги көңүл Россия менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өз ара аракеттенүүсүнө жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү кезектеги жыйынын даярдоого бурулду.
4 ЖАШТАГЫ КЫЗ КӨЛГӨ ЧӨГҮП КЕТТИ
Көлгө чөгүп кеткен төрт жаштагы кыз изделүүдө. ӨКМ кабарлагандай, Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылынын ортосунда 17-июль күнү саат 15:00 чамасында төрт жаштагы Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен. Жерине жалпы 25 куткаруучу тартылды. Издөө иштери уланууда.
ОШТО КАФЕ КҮЙҮП КЕТТИ
Ош шаарындагы «Ак-Буура» кафесинде өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Оштун Навои көчөсүндө жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты жана ыкчам топ тартылган. Тилсиз жоо саат 10:16да чектөөгө алынып, учурда өчүрүү иши жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.