• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Көр тиричиликтин айынан болгон кырсык, адам өмүрүн алды

7 Тогуздун айы 201915:34 Бишкек Govori.TV

Кор тиричиликтин айынан болгон кырсык

6-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда өз алдынча көмүр казуу учурунда 3 адам истүү газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз участкасында болгон. Каза болгондор Кызыл-Кыя шаарынын жана Ноокат районунун тургундары болушкан. Алар болжол менен саат 13:00дө шахтага түшүп кеткен боюнча чыккан эмес. Куткаруучулар келгенде алар иске ууланып каза болгону аныкталган. Маалым болгондой, аталган жарандар 35-40 метр тереңдикте иштешкен. Кошумчалай кетсек, каза болгондор кароосуз калган жерден жана техникалык коопсуздук сакталбаган шахталардан көмүр казып келишкен.
Ал эми ушундай эле кырсык Сүлүктү шаарындагы шахтада 5-октябрда болгон. «Абдукахар-Кен» жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр шахтасында иштеп жатышкан учурда газга ууланган үч адам мерт болгонун дарыгерлер тастыкташты. Булардан башка дагы эки адам жабыркаган, алар ооруканада, абалы канааттандырарлык.


Төрөбаев: 2020-жылга “Өнүгүү — Прогресс” башка партиялар менен да тандем түзүшү мүмкүн

“Өнүгүү — Прогресс” партиясы 2020-жылы боло турган шайлоого катышат. Бул тууралуу фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган партия башка партиялар менен да тандем түзүшү мүмкүн.
“2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодон жеңип чыгып, биздин партия мүчөлөрү депутат болуп келерине толугу менен ишенем. Сурамжылоо жүргүздүк. Анын негизинде Кыргызстанда калк үч гана партиянын тегерегинде сөз кылат экен. Алардын бири биздин “Өнүгүү — Прогресс”. Ооба, аткарган жакшы иштерибиз менен бирге Бакиевдин партиясы деген айың кептер да тарап жүрөт. Ошентсе да бизди эл билерине кубандык. Демек, келе жаткан шайлоодо утуп чыгууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону үгүт учурунда жакшылап иштешибиз керек”, — деди Төрөбаев.
Эл өкүлү учурда парламентте отурган фракциялардын айрымдарынын керек болсо лидерин эл билбеген да партиялар бар экендигин кошумчалады.


Бекназаров: Президент мага ар кандай кызматтарды сунуш кылып келет

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков ага ар кандай кызматтарды сунуш кылып келе жатканын айтты. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда ал кызматка баруу боюнча чечим кабыл ала элек.

Президент бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылган Бирок мен «биз эки жолу курултай өткөрдүк. Мамлекеттин, улуттун алдында көп иштер бар. Мен Туруктуу элдик кеңештин мүчөсүмүн. Мен курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм» деп айттым, — деди Бекназаров.
Саясатчы буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен көзмө-көз жолукканда конституциялык реформага, кендерге байланышкан маселелер ачык бойдон калганын кошумчалады.
Бекназаров өлкө башчы менен ушул жумада жолугушарын, жолугушуунун жыйынтыгы менен ал Малайзияга элчи болуп барар-барбасын чечерин билдирди.

Количество просмотров: 57