• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар:  Кадыр түн качан белгиленет? Баткенде 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

23 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КАДЫР ТҮН КАЧАН БОЛОРУ АЙТЫЛДЫ
2023-жылдагы Кадыр түн 17-апрелден 18-апрелге караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.
Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча уктабастан, жакшылык тилешет.

БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРЕДИ
Баткен облусунун Раззаков шаарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 23- март саат 02:07де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ЛОТЕРЕЯСЫ УЛАНАТ
Мамлекеттик салык кызматы (МСК) «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен улантууда.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, биринчи утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Бул жылдагы лотереянын байге фонду 2000ден ашык баалуу байгелерден турат.
«Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү. Ал эми тиркеменин колдонуучулары аны жаңыртуу зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.
Катышуучулар ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылышы керек. Андан кийин кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүү шарт.

Количество просмотров: 518