• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Камактагы депутат кысым болгонун айтып чыкты. Таштанды ыргыткан аялга айыппул салынды

21 Бирдин айы 2020 12:03 Бишкек Govori.TV

КАМАКТАГЫ ДЕПУТАТ ПРОКУРАТУРАГА ДАТТАНДЫ

“Ээнбаштык” беренеси менен камакка алынган Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевге тергөөчү тарабынан психологиялык басым болуп жатат. Бул боюнча Бөрүбаев прокуратурага даттанганын анын жактоочусу Асылбек Кунгуров “Маралга” билдирген. Жактоочунун айтымында, Бөрүбаев Баткен областтык милициясынын тергөөчүсү Замир Бекмырзаев тарабынан ар кандай басымдар болуп жатканы тууралуу прокуратурага арыз жазып берген. Иш боюнча тергөө тобу түзүлгөн экен. Жактоочу ишти жалгыз тергеп жатыптыр. “Эгерде тагылып жаткан кылмышты мойнуңа алсаң, ишти кыскартабыз, албасаң кыйналып каласың” деп психологиялык басым көрсөтүп жатыптыр. Менин көзүмчө ошонун үстүнөн прокурорго арыз жазып берди, — деп билдирген жактоочу. Мындан сырткары, жактоочу Сапарали Бөрүбаевдин үстүнөн даттанган жергиликтүү кеңештин депутаты Нурдин Дүйшөбаев эч кандай доом жок деп тосмо арыз жазып бергенин кошумчалаган.

ТАШТАНДЫ ЫРГЫТКАН АЯЛГА АЙЫППУЛ САЛЫНДЫ

Бишкекте таштандысын тиешелүү жайга алып барып таштабаган аялга 5500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мекемеге караштуу санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери күн сайын шаардын райондорун кыдырып, таштандыны көчөгө таштаган тургундарды аныкташат. Айтматов көчөсүнүн тургуну таштандысын таштанды салган жерге алып барбай, көчөгө калтыргандыгы үчүн 5500 сомго айып пулга жыгылды. Ал күнөөсүн мойнуна алды.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун таштандыларды тиешелүү жерлерге алып барууну суранат!

24-ФЕВРАЛЬ ИШ КҮН

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 24-февраль Кыргызстанда иш күн болорун эскертет. Мекеменин маалыматына ылайык, 24-февраль жумуш күнү болот. 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен мамлекеттик бюджеттен каржыланып, 5 күндүк иш күн менен иштеген мекеме-ишканаларда 24-февраль дагы эс алуу күнү болот. Бирок Өкмөттүн токтому менен бул эс алуу күнү 2-январдагы жумуш күнүнө которулган.

Количество просмотров: 63