• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Каратаев менен Үсөнбаев кызматтан алынды. «ТЭЦ-2» конушунун тургундары митингге чыкты

25 Жалган куран 2021 13:58 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 2 бейтап каза болду. Алар Бишкек шаарында катталды. Өлкөдө COVID-19дан жалпы 1494 адам көз жумган. 25-мартка карата республика аймагында дагы 106 адамдан коронавирус менен пневмония аныкталды. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 87 758 адамга коронавирус жуккан. Акыркы суткада 68 бейтап коронавирустан айыккан. Өлкө боюнча вирусту жеңгендердин жалпы саны 84 407 адамды түздү.

КАРАТАЕВ МЕНЕН ҮСӨНБАЕВ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан бошотулду. Маалыматты аталган министрликтен ырасташты. Министрдин орун басарлары эмне үчүн кызматтан бошотулганынын себеби азырынча белгисиз. Кошумчалай кетсек, Каратаев Мадаминжан Мусаевич министрдин орун басары болуп 2018-жылдын июнь айында дайындалган. Ал эми Нурболот Үсөнбаев өткөн жылдын 9-апрелинде министрдин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка ошондогу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

ӨКМӨТ ҮЙҮНҮН АЛДЫНДА КАЙРАДАН МИТИНГ

Өкмөт үйүнүн алдына бүгүн,25-мартта жүздөн ашуун адам чогулду. Бишкектин четиндеги “ТЭЦ-2” конушунун тургундары курулган үйлөрүн мыйзамдаштыруу маселеси 15-16-жылдан бери чечилбей жатканын айтышууда. Митингчилер колуна «»ТЭЦ-2» конушун мыйзамдаштырып бериңиз”, “Мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келет”, «»ТЭЦ-2» конушунда 6000ден ашуун карапайым эл жашайбыз” деген жазууларды кармап турушту.

Количество просмотров: 204