• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: “Казак” кармалды. Депутаттардын суралышы боюнча президент комиссия түздү

8 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ЖУМУШЧУ КОМИССИЯ ТҮЗДҮ

Президент депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдун Башкы прокуратурага суракка барганын иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 8-декабрда билдирди.

 Төраганын айтымында, президент Садыр Жапаров депутаттардын кайрылуусунан кийин жумушчу топ түздү. Бул топ бир жуманын ичинде Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерет. Корутунду президентке берилет.

Буга чейин депутаттар Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Көзөмөл органы эки депутат тең Жогорку Кеңеште жарыялаган маалыматы боюнча чакырылганын билдирген.

Депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин 7-декабрдагы жыйынында Башкы прокуратуранын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштаган.

МИРЗИЕЕВ САММИТКЕ КАТЫШПАЙТ

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышпайт. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 10-декабрдагы Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын мөөнөтү дагы жылганын билдирди. Мирзиёев Кыргызстанга декабрь айынын ичинде келет.

Эске салсак, Өзбекстандын президенти Кыргызстанга 10-декабрда мамлекеттик сапары менен келмек. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтмөк. Бирок Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылдырылды.

“КАЗАК” КАРМАЛДЫ

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош шаарында кримчөйрөдө «казак» деген каймана ат менен таанымал, мурда бир канча жолу соттолгон кылмыштуу топтун 41 жаштагы мүчөсү колго түшкөнүн билдирди. Ошондой эле анын 37 жаштагы бир шериги да кармалган.

Маалыматка ылайык, буга чейин милицияга эки жаран кайрылып, аларды 11-ноябрга караган түнү бир нече адам бычак менен коркутуп, сабаганын айткан. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«Кармалган жарандар Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 1503