• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирус дагы 4 адамдын өмүрүн алды. Президенттикке аттанган 47 талапкер калды

25 Жетинин айы 202014:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

 Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун, дагы бирөө Баткен облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1245 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 378 адамдан табылды.  Оору жуккандардын жалпы саны 70 744 кишиге жетти.

Бир күндө 455 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2851 адам жатат, дагы 3832 бейтап үйдөн дарыланууда.

СОЛТОНБЕКОВАНЫН ТАЛАПКЕРЛИГИ ЖАКТЫРЫЛДЫ

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды.

Солтонбекованын талапкерлиги өкмөт башчынын милдетин аткаруучу тарабынан сунушталган.

Буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматында Улукбек Кочкоров иштеп келген.

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТТАНГАН 47 ТАЛАПКЕР

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралу 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) кабарлап, 47 адамдын тизмесин жарыялады.

Жалпысынан 65 арыз түшкөн, алардын бирөө партиядан, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр. 30у коммерциялык эмес уюмдарда иштегендер, 24ү убактылуу жумушсуздар, бешөө мамлекеттик органдарда иштегендер, үчөө Жогорку Кеңештин депутаты, үчөө пенсионер болчу.

Талапкер болууну каалаган тогуз адамдын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаты жок болгондугуна жана үч адамдын соттуулугу жоюла электигие байланыштуу 19-ноябрда Боршайком алардын (12 адамдын) документтерин кайра кайтарып берген.  Мындан тышкары, алты адам шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартты.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп катталууну каалагандардын саны 47 адамды түзүүдө.  Аларга эми банк мекемелеринен эсеп ачып, элден кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төгүп, жетишпеген документтерин толуктоого 6-декабрга чейин убакыт берилет. Андан соң Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүүнү жүргүзүп, бул жараян 14-декабрга чейин уланып, каттоо мөөнөтү күндүн акырында аяктайт жана 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат.

Количество просмотров: 74