• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус кайрадан күчөп баштады. Жээнбеков шайлоо алдында элге кайрылуу жасады

2 Тогуздун айы 2020 14:06 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ 215 УЧУРУ КАТТАЛДЫ

Коронавирус жуккан 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, илдетке кабылган жарандардын 10у канааттандырарлык абалда.

«667 адам орточо оор, 194ү оор жана 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Өлкөнүн түштүк аймагына коронавирус менен күрөшүүгө профессор, докторлор барып, сунуштарын айтууда. Ошондой эле ал жакта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев да иш алып барууда», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 2-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 215 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын жалпы саны 47 миң 56ны түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.

ЖЭЭНБЕКОВ ШАЙЛОО БОЮНЧА КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Президент Сооронбай Жээнбековдун пикиринде үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылат.

Өлкө башчысы ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгендигин белгилейт.

«Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл», — дейт ал.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, бийлик шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулду. Президент партия лидерлерине шайлоодо утулуп калса, жеңилүүнү көтөрө билүүгө чакырды.

АТАМБАЕВДИН СОТТУК ОТУРУМУ ЖЫЛДЫ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча бүгүн, 2-октябрга белгиленген жараян болгон жок. Сот мамлекеттик адвокаттын өтүнүчү менен 7-октябрга жылды. Райондук соттун катчылыгы бул тууралуу айыпталуучуларга жана алардын адвокаттарына 1-октябрдын кечинде кабарлаган. Бул күнкү сот отурумуна Алмазбек Атамбаев өз каалоосуна ылайык катышаары мурда кабарланган.

«Адатта, баарыбызды сотко чогултуп, камактагыларды да алып келип, андан кийин гана мындай чечим жарыяланчу. Азыр мамлекеттик адвокаттын өтүнүчүнүн себеби бизге маалым эмес», деп жазат айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбуктагы баракчасына.

Кой-Таш окуясы боюнча 30-сентябрдагы териштирүүдө адвокат Сергей Слесарев айыпталгандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди келерки жараянга алып келүү тууралуу өтүнүч берип, ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков аны канааттандырган.  Быйыл 1-июндагы жараянда сот «Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин Атамбаев сот отурумдарына катышпайт» деген чечим чыгарган.

Количество просмотров: 73