Коронавирустун кулачы жайылып барат
23-июньга карата короновирус жуккан 163 учур катталса, анын ичинен 22 адам медицина кызматкери болуп чыккан. Сутка ичинде 33 бейтап айыгып чыгарылган. Ошондой эле оор абалда жаткан 1964-жылкы туулган бейтап коз жумган. Бул тууралуу ССМ билдиришти.
Коронавирус мамлекеттик кызматкерлерди каптады
Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы маалымдады. «Борбор шаардын мэри Азиз Суракматов COVID-19 илдети менен ооруп жаткандандыгына байланыштуу муниципалитеттин башчысынын милдетин борбордун биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев убактылуу аткарат», — деп билдирди мэрия.
Акыйкатчы институтунун кызматкеринен коронавируска чалдыккан адам аныкталып, учурда изоляциялоодо. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек “Кыргыз Респубикасынын омбудсмени жөнүндө” мыйзамга ылайык, Акыйкатчы инстутуту өзгөчө абал же аскердик абал жарыяланган учурда дагы өз ишин токтотпойт.
Жалал-Абад мэриясынын 3 кызматкеринен короновирус аныкталганына байланыштуу аталган мекеме карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардын муниципалитетинен 24.kg агенттигине маалымдашкан.
COVID-19. Ооруканаларда орун барбы?
Коронавирус жуктургандарды кабыл алуу үчүн Бишкекте кошумча мобилдик ооруканалар даярдалууда. Бул тууралуу Сабиржан Абдыкаримов билдирди. Анын айтымында, «Манас» аэоропортунун аймагында 600 орундуу мобилдик оорукана даярдалды. «Ал жерде баардык шарттар бар. Кээ бир корпустарда ар бир палатада санузел жайгаштырылды», — деди ал.
Базарлар менен соода түйүндөр дезинфекциялоого жабылат.
Базар менен соода түйүндөр кайсыл күндөрү жабылат?
Коронавирустун тез тарап жаткандыгына байланыштуу шаардагы базарлар жана соода түйүндөр жума сайын толугу менен дезинфекциялана баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын пресс-кызматы маалымдады. Базарлар менен соода-түйүндөр кайсыл кундору иштебей тургандыгы тууралуу маалыматты govori tv сайтына кирип окусаныз болот.
Мекендештерин сызга отургузган шылуун
Москвада белгисиз жаран, Кыргызстанга кетип жаткан жарандардын тизмесине киргизем деп убада берип, элдердин акчаларын алып качып кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалым болгондой, аталган шылуун адамдарды “тууганым дипломатиялык миссияда иштейт” деп алдаган. «Шылуундардын иш-аракетинен улам Кыргызстандын үч жараны 54 миң рубль акча жоготушкан. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирет элчилик.
“Сенин кантип байыганыңа чейин билем”. Момбековко нааразы жаран
Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Рыскелди Момбековду сынга алды. Депутат аталган районго жол курулуш иштери менен таанышуу үчүн барган. Анда депутаттын айланасында чогулган жергиликтүү тургундардын арасынан бирөө Момбеков менен кайым айтыша кетип, сөзүндө “Сенин кантип байыганыңа чейин билем” деп катуу сынга алган.
«Иркештам» өткөрүү пункту убактылуу жабылат
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Иркештам» бекети 25-июндан 28-июнга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, чек ара Кытайда күрүч майрамы белгиленгендиктен ал тараптын демилгеси менен жабылууда.