• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус жугузуп алгандар кайра көбөйдү. Марипов мобилдүү өкмөт түзүлгөнүн айтат

3 Бирдин айы 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС КҮЧӨДҮ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы бир бейтаптын өмүрүн кыйды. Саламаттык сактоо министрлигинин 3-февралдагы маалыматына караганда, бир күндө вирус 116 кишиден жаңы аныкталды. Бул көрсөткүч акыркы күндөргө салыштырмалуу көп.

Пандемияда илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1415 кишиге жетти.

Өлкөдө COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 762 киши болду. Анын 81 232си сакайган.

Бир күндө ооруканалардан 130 бейтап айыгып чыкты.

ЖАҢЫ ӨКМӨТ ДЕПУТАТТАРДЫН СЫНЫНАН ӨТҮҮДӨ

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 3-февралда премьер-министрлик кызматка талапкер Улукбек Марипов сунуш кылганөкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы талкууланып жатат.

Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамындагы министрликтер менен мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты.

Ал коронавирус пандемиясы өлкөнүн саламаттык сактоо системасындагы кыйынчылыктарды ачык көрсөткөнүн айтып, Кыргызстан эми оорунун үчүнчү толкунуна даярдык көрүп жатканын кошумчалады.

Мариповдун айтымында, энергетика тармагына салынган мурдагы инвестициялар натыйжалуу болду деп айтуу кыйын, ошондуктан бул тармакты толук реформалоо зарыл.

ЫРЧЫЛАРДЫН ЭСИНЕ..

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, мындан ары концерттердин афишаларында жана билеттеринде «Жандуу үн» же «Фонограмма менен» деп милдеттүү жазылууга тийиш.

Бул тууралуу кызматтан кетип жаткан министр Нуржигит Кадырбеков билдирип, муну угармандардын укугун сыйлоо, музыкалык исскуствону жана аткаруучулардын дараметин өнүктүрүү деп атады.

«Фонограмма жөнүндө» мыйзамга ылайык, концерттин түрү афишаларда, жарнамаларда көрсөтүлүшү керек.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Фонограмма жөнүндө» мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизилерин 2020-жылдын 30-декабрында билдирген.

Количество просмотров: 276