• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирус жуккан учурлар азая баштады. 31-августта майрамдык салют атылбайт

29 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУСТУН УЧУРЛАРЫ АЗАЯ БАШТАДЫ

Кыргызстанда 22-28-август аралыгында COVID-19дун 179 жаңы учуру катталды. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиргендей, жалпы катталган бейтаптардын 26сы ооруканага жаткырылып, 153ү амбулатордук дарыланышууда.

2022-жылдын 22-августунан 28-августуна чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул оорунун азайгандыгын көрсөтүп турат. 2022-жылдын 8 ай жана 28 күнүндө бардыгы болуп 20 миң COVID-19 учуру катталып, анын ичинен 18 миң 967си (90,5%) лабораториялык тастыкталса, 2001 (9,6%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

КУРСАНТТАР КАБЫЛГАН ЖОЛ КЫРСЫГЫ ИЛИКТЕНЕТ

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун курсанттары кабылган жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгонун жана кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ооруканага жана госпиталга жаткырылгандардын баарынын абалы канааттандырарлык.

Ооруканага жактырылган курсанттар тийиштүү жана жетиштүү медициналык көзөмөлдө экени, тезирээк сакайып кетиши үчүн тамак-ашы күчөтүлгөнү, жабыркагандар жана алардын жакындары менен коргоо министри Бактыбек Бекболотов жолукканы маалымдалды.

Соңку маалыматка ылайык, кырсыктан кийин тогуз адам ооруканага түшүп, дагы 12си аскердик госпиталга жаткырылган.

Окуя 27-августта болжол менен саат 11:50 чамасында «Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексинен 300-400 метр аралыкта болгон. Ичинде курсанттар отурган автоунаа комплекстен чыгып, Бишкекти көздөй кетип баратканда жол боюндагы бакты сүзгөн.

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНДӨ САЛЮТ АТЫЛБАЙТ

31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарында майрамдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынган.

«Көз ирмемдик шоу көп акчаны талап кылат жана фейерверктен баш тартуу муниципалдык бюджетти үнөмдөйт»,-деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, үнөмдөлгөн каражат максаттуу иштерге жумшалмакчы.

Количество просмотров: 179