• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирус жуктургандардын саны 70 миңден ашты. Октябрь районунун акими кармалды

24 Жетинин айы 202014:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун жана дагы бирөө Чүй облусунун тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1241 адамга жетти.Соңку бир күн ичинде вирус дагы 481 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (176) жана Бишкек шаарында (124).

Оору жуккандардын жалпы саны 70 366 кишиге жетти. Бир күндө 433 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3831 адамга жетти, алардын 3662си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 16 дарыгерден табылды. Азыр ооруканаларда 2948 бейтап жатат, дагы 3829 адам үйүндө дарыланууда.

ИРСАЛИЕВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Биринчи май райондук сотунун 20-ноябрдагы чечими менен Ирсалиев 2021-жылдын 17-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Эскерте кетсек, Ирсалиев УКМК тарабынан 18-ноябрь күнү кармалган.

АКИМ КАРМАЛДЫ

  Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акими К.К. кармалды. Иш коррупцияга байланыштуу, деп билдирди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 24-ноябрда.

Маалым болгондой, ал кечээ, 23-ноябрда кармалды. Текшерүүлөр жер тилкеси боюнча коррупциялык схеманы аныктоого байланышкан кылмыш иштин алкагында жүргөн.

Октябрь районуна аким болуп ушул жылдын 2-ноябрында Константин Куценко дайындалган болчу.

Буга чейин бул иш боюнча Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана райондор аралык соттун мурунку судьясы Ж.Н кармалганы айтылган.

Количество просмотров: 129