• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 1 адам көз жумду. Бир мандаттуу округдан аттангандардын саны 200гө жакындады

11 Тогуздун айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 11-октябрда ооруну жуктуруп алган бир бейтап каза болду. 57 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Вирус жаңы аныкталгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында.
Ош, Нарын жана Баткен облустарында ооруну жаңы жуктуруп алгандар катталган эмес. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 336 адамга жетти.

Пандемия башталгандан бери жалпы 2 620 адам каза болду. Бир күндө 67 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 458 адам ооруканада, 680 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус жуктуруп каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,5 млн. ашты. Алардын 870 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган.

ШАЙЛООГО КАТЫШУУ НИЕТИН БИЛДИРГЕНДЕР ӨСҮҮДӨ

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандар 11-октябрга карата 194 адамга жетти. Арыз бергендердин көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышууну көздөгөндөр арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырууга тийиш. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Ушул күндөрү партиялар курултай өткөрүп, тизмелерин тактап жатышат.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 3 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Баткен облусундагы Кадамжай-Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымында 9-октябрдын кечинде жол кырсыгы болуп, үч адам каза болду, жети киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык кечки саат 17:30 чамасында болгон. Toyota Avensis менен Honda Odyssey үлгүлөрүндөгү унаалар кагылышкан. Натыжайда 47 жаштагы бир эркек киши, 56 жана 44 жаштагы эки аял көз жумду. Ал эми жаракат алгандардын эң улуусу 81 жашта.

Количество просмотров: 108