• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 1 адам көз жумду. Жалал-Абадда жер титиреди

22 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 22-мартка карата коронавирус 8 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 78 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 826 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 94 киши айыгып чыкса, 2 миң 981 адам каза болду.

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ТИТИРЕДИ

Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-март күнү саат 22:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында 4 баллга чейин, Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 баллга чейин, Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында 3 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

NEXT.TVНЫН ИШИ СОТТО КАРАЛДЫ

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 22-мартта телеканалынын арызын канааттандырган жок.

Каналдын жетекчилиги 3-марттан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

Жактоочу Акмат Алагушовдун айтымында, Биринчи май райондук сотунун чечимине байланыштуу Бишкек шаардык сотуна кайрылышмакчы.

Отурумда сот процессинин ачык өтүшүнө, журналисттер катышып, аудио, видеого жаздырууга уруксат берилген жок.

Белгилей кетсек, 3-мартта УКМК Next TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев менен эфирдик инженери Таалай Бейшембаевди кармап кетишкен.

Инженер Таалай Бейшембаев ошол эле күнү коё берилип, ал эми директору эки айга камакка алынган. УКМК Next TV социалдык тармактардагы баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын экс-башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар тараткан деп айыптап жатат.

Количество просмотров: 127