• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 10 бейтап көз жумду. Кыргыз паспортун алган чет элдик жарандар текшерилет

9 Теке 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир суткада коронавирус дагы 1319 адамдан аныкталды, он бейтап көз жумду. Ооругандар Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп.

Өлкөдө коронавирус болгондордун жалпы саны 137 миңден ашып, оору 2083 бейтаптын өмүрүн кыйды.

Бир күндүн аралыгында коронавирусту 29 медицина кызматкери жуктуруп алды жана илдетке кабылган дарыгерлердин саны беш миңден ашты.

Ооруканаларда азыр 4,5 миңден көп бейтап жатат жана алардын 200го чукулунун абалы өтө оор.

Соңку бир күндө тогуз миңдей жаран ПЦР тест тапшырды.

КЫРГЫЗ ПАСПОРТУН АЛГАНДАР ТЕКШЕРИЛЕТ

Кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын паспортторунун мыйзамдуулугу, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткени, кимдер бергени сыяктуу бардык фактылар текшерилип, укуктук баа берилет. Эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынат.

Паспорт текшерүү жараянына “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүш учурунда аныкталган маалыматтар негиз берген.

ЖАЛГАН УКМК КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ  

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан иш-чаранын алкагында, акча талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын УКМКнын КККнын кызматкеримин деген “Т.С.К.” аттуу алдамчы кызматкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнынн басма сөз кызмат кабарлайт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган “Т.С.К.” Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 134