• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 10 киши көз жумду. Марипов айыл чарбага насыя берүү жобосун өзгөртүүнү тапшырды

15 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 14-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада коронавирустан дагы он бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Жалал-Абад облусундагы ооруканада жаткан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 143​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 290 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 144 958 адамга жетти. Андан 121 760 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 813 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 217 бейтаптын абалы өтө оор, 1 411 кишиники оор деп бааланууда.

КУРМАН АЙТТА НАМАЗ МЕЧИТТЕ ГАНА ОКУЛАТ

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айтта майрамдык намаз мечиттерде гана окуларын билдирди. Ага ылайык, мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша кабыл алынды.

Кыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет. Коронавирус пандемиясынан улам быйыл Орозо айтта намазды мечиттерде гана окууга уруксат берилип, борбордук аянттарда экинчи жыл катары менен эл чогулган эмес.

Майрамга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 19-июлдагы жумушчу күндү 24-июлга которуу тууралуу чечимге кол койгон. Мындан улам кыргызстандыктар төрт күн эс алышат.

АЙЫО-ЧАРБАГА НАСЫЯ БЕРҮҮ МАСЕЛЕСИ

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 15-июлда “Айыл банк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаевди кабыл алды. Анда айыл чарба тармагына насыя берүү маселелери тууралуу сөз болду.

“Министрлер Кабинетинин башчысы чакан жана орто бизнести, анын ичинде тамчылатып сугаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу долбоорлорун колдоо, колл-борборлордун ишин күчөтүү жана интернет-банкингди өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи”, деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Анда Марипов айыл чарбага берилген жеңилдетилген насыя натыйжалуу болбой жатканын белгилеп, анын жол-жобосун өзгөртүүнү тапшырды.

“Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө тогуз жылдан бери насыялар берилип келет, бирок агрардык сектордун өнүгүү динамикасы төмөнкү деңгээлде калууда. Кредиттерди берүү механизмдерин кайрадан карап чыгуу зарыл”, -деген Марипов.

Былтыр айыл чарбасына төрт миллиард сомго жакын жеңилдетилген насыя берилген.

Количество просмотров: 751