• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. Баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылды

19 Тогуздун айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-октябрда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар экени кабарланды.
Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте.
Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 180 006 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 638 адам каза болду. Бир күндө 74 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 571 адам ооруканада, 527 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

ШАЙЛОО-2021: ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз тапшырган 381 адамдын 80ин расмий талапкер катары каттады. Алардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы, мурдагы депутаттары, юрист, адвокаттар бар. Катталган талапкерлердин тизмеси БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиялардан жана бир мандаттуу округдардан талапкер болууну каалагандардан документтерди кабыл алууну токтотту. Мыйзам боюнча, документ тапшырууга берилген убакыт 18-октябрда кечки саат 18:00дө аяктады. Буга чейин арыз берген 23 саясий партиянын 21и документтерин берип жетишти.

ЫМЫРКАЙДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 17-октябрда саат 11:55тер чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө “Аламедин-1” кичирайонунун аймагынан баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт райондук милициянын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 150-беренеси (“Коркунучта калтыруу”) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы менен иликтенип жаткан иш боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.
Азыркы учурда тергөө жана ыкчам-издөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 231