• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. Бишкекте кампа өрттөндү

21 Бештин айы 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 21-декабрга карата коронавирус дагы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми бир суткада 41 адам илдеттен сакайып чыкты, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 303 бейтап, амбулатордук түрдө 345 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 269 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 352 киши айыгып чыкса, 2 миң 786 адам каза болду.

КАМПАДА ӨРТ ЧЫКТЫ

Бишкек шаарындагы Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт саат 10:51де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы КР ӨКМнин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу, мындан сырткары ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган.

Өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Биринчи май районунун Темирязев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган кампадан ири өрт чыккан.

ИСЛАМБЕК КЕНЖЕКУЛОВ КАРМАЛДЫ

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов аталган түзүмдө аныкталган ири коррупциялык факт боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кенжекулов ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы болуп 2019-жылы март айында дайындалган.

Буга чейин Аскер прокуратурасын пландуу текшерүү маалында өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн. 946 миң сом уурдалганы аныкталганын кабарлаган.15-декабрда ИИМдин Ички аскерлеринин финансылык башкармалыгынын башчысы Талантбек Жоробеков кармалган.

Бул иш боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголгон.

Количество просмотров: 123