• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам коз жумду. Бишкекте досу менен уруша кеткен жаран бычакталды

5 Жетинин айы 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

5-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2681ге жетти. Акыркы бир суткада 78 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 181 668 адамга жетти.

Ушул тапта ооруканада 642 адам, 798 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЛТЫН БАЙГЕНИ БАГЫНДЫРДЫ  

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы  Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды.

Медет кызы 4-ноябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда колумбиялык Татиана Рентерианы жеңип алды.

Айпери Медет кызы 3-ноябрда үч беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын артыкчылык менен уткан.

ДОСУ МЕНЕН УРУША КЕТКЕН ЖАРАН БЫЧАКТАЛДЫ

Милициянын кайгуул кызматкерлери бычак сайып, ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 4-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын Черепки-2 көчөсүндө болгон. Жергиликтүү тургундун айтымында, күйөөсүнүн курсагына досу бычак сайып, качып кеткен.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган А.А. кармалды. Ал РИИБге жеткирилип, бул факт Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Количество просмотров: 226