• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 3 адам көз жумду. Москвада мушташка байланыштуу кыргызстандыктар кармалды

10 Жетинин айы 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

10-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Үчөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2694кө жетти. Акыркы бир суткада 46 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда. Ош шаарында, Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

Былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 181 982 адамга жетти.

Ушул тапта ооруканада 583 адам, 778 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

ҮГҮТ ӨНӨКТҮГҮ: КЫЗМАТКЕРЛЕР КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынды. Андан тышкары, Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан четтететилди.

Ошондой эле билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмазбек Мамбетовго сөгүш жарыяланды. Буга Ош шаарындагы студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы себеп болгондугун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга тийиштүү билдирүү жасап, бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилердин үгүт иш-чараларына катышуусунун кереги жоктугун баса белгиледи.

МЕТРОДОГУ МУШТАШТАН УЛАМ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР КАРМАЛДЫ

Москвадагы метродогу мушташка байланыштуу кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эки кыргызстандык кармалган. Аларга карата коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча иш козголгон. Полиция тарабынан административдик протокол түзүп, эки жаранды медициналык текшерүүгө жөнөткөн.

Буга чейин, метродо бир адам экинчи адамга кол көтөргөн окуянын видеосу соцтармакка жарыяланган. Окуя “Улица 1905” станциясында орун алган.

Количество просмотров: 468