• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 4 адам көз жумду. УКМКнын алдында митинг

9 Бирдин айы 2022 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 9-февралга карата коронавирус 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 282 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 684 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 883 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 717 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 679 киши айыгып чыкса, 2 миң 913 адам каза болду.

“КАКТУС” САЙТЫНЫН АЛДЫНДА МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн, 9-февралда «Кактус медиа» басылмасынын алдында экинчи ирет акция өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу баштаган бир нече адам катышууда.

Акцияга чогулгандар 2012-жылы Турсунбай Бакир уулу сунуштаган «чет элдик агенттер» боюнча мыйзамды кабыл алууну жана «Кактус медианы» жоопко тартууну талап кылышууда.

28-январда бул басылманын алдында дагы бир акция өткөн. Ага чогулгандар Тажикстандын Asia Plus интернет порталындагы жаңылыкты «Кактус медиа» жарыялаганы үчүн жоопко тартууну талап кылышкан.

 “Кактус Медиа” жарыяланган макала тууралуу түшүндүрмө берген. Анда белгиленгендей, 27-январда Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган (перепечатка) маалымат жарыяланган.

Көп өтпөй Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы  жарыяланган маалымат боюнча кылмыш ишин козгоп, «Кактус медианын» бардык кызматкерлери суракка чакырылган.

УРАИМОВ КАРМАЛДЫ

Бүгүн, 9-февралда УКМКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар «Бүтүн Кыргызстан» партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышына нааразы болушууда.

Алардын айтымында, Ураимов мыйзамсыз кармалган, себеби ага коюлуп жаткан айыптар негизсиз болууда.

Эске салсак, кечээ, 8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды. УКМК берген маалыматка караганда, Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен камалган. Тагыраагы, «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.

Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 135