• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 4 адам көз жумду. Жапаров Москвага кетти

22 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 22-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан төрт адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2727 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 51 адамдан табылды. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында. Чүй менен Нарын облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды. Азыр ооруканада 473 бейтап жатат, дагы 641 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

ТУРАПОВА ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө боюнча орун басары Бегайым Турапова үй камагына чыгарылды.

«Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 20-ноябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Б.Дж.Тураповага карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы 2022-жылдын 18-январь күнүнө чейин тандалды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Турапова 18-ноябрда Аскер прокуратурасы тарабынан «алдамчылыкка» шектелип жаткан Асыл Талиповага байланыштуу иштин алкагында кармалган.

Ушул эле иш боюнча буга чейин анын жетекчиси, Октябрь райондук милициясын башкарып келген Уланбек Аалиев жана эки тергөөчүсү кармалган. Алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталууда.

ЖАПАРОВ МОСКВАГА КЕТТИ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрүүсү пландаштырылууда, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланмакчы.

Белгилесек, сапар тууралуу макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Количество просмотров: 759