• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 10 адам көз жумду. Министрлер кабинети «Мегакомду» сатууну сунуштады

14 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 14-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан дагы он бейтап көз жумду. Алардын ичинен Бишкекте беш, Чүй менен Жалал-Абад облустарында экиден, Ошто бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 133​ кишиге жетти. Вирус соңку бир суткада дагы 1 398 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 143 668 адамга жетти. Андан 120 731 бейтап айыкты. Ушул күндөрү 4 675 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 228 бейтаптын абалы өтө оор, 1 358 кишиники оор деп бааланууда.

СЕЛ АГЫЗЫП КЕТКЕН КЫЗ ТАБЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып кеткен эки жарым жаштагы кыздын сөөгүн атасы 14-июлда сел алып кеткен үйүнүн жанынан тапты. Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ырастады.

Аксыда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү ошол эле күнү табылган.

Селден каза болгон сегиз кишинин алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Ал эми дайынсыз болуп жаткан дагы бир беш жаштагы бала кошуна Жаңы-Жол айылынан. Аны милиция кызматкерлери атайын даярдыктагы иттер менен издеп жатат.

Сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды.

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ “МЕГАКОМДУ” САТУУНУ СУНУШТАДЫ

Министрлер кабинети «Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондду (14,9%), «Керемет банкты» (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү Замир Бугубаев түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, Жогорку Кеңеш 2020-жылы 25-июнда 2020-2022-жылдары сатыла турчу 25 мамлекеттик объекти боюнча программаны бекитип, токтом кабыл алган. Ошол долбоорго жогорудагы төрт объектини кошуу сунушу берилди. “Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат.”, — деди Замир Бугубаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинети “Мегакомду”, Кепилдик фондду, «Керемет банкты» жана Евразиялык сактык банкын сатуу сунушун бергенин билдирген. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Мегакомду” сатууга каршы чыкканын жазган. Президент Садыр Жапаров 5-майда мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, жеке менчикке өткөрүү зарыл экенин айткан. Ал менчиктештирүү иши аяктаган соң Мамлекеттик мүлк фонду жоюларын билдирген.

Количество просмотров: 96