• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан каза болгондор 1134 кишиге жетти. Түлеев мэрдин милдетин аткарууда

26 Тогуздун айы 202013:51 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 26-октябрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 420 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 56 170 адамды түздү. Анын 47 843ү сакайганы айтылды. Бир күндө 227 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1134 кишиге жетти.

ТҮЛЕЕВ МЭРДИН МИЛДЕТИН АТКАРУУДА

Учурда мэрдин милдетин Нариман Түлеев аткарып жатат. Бу тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-мэр Нариман Түлеев мыйзамдын негизинде мэрдин милдетин аткарып жатканын билдирди. Аны «Башкалаанын макамы жөнүндө» мыйзамына таянуу менен отставкага кеткен мурдагы мэр Азиз Суракматов 21-октябрда кызматка дайындап кеткенин эске салды.

Түлеевдин кызматтан бошотуу тууралуу арызы үч күн ичинде каралышы керек болчу. «Бирок ал каралбагандыктан, Нариман Түлеев биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучу бойдон кала берет», – деп айтылат маалыматта.

Нариман Түлеев 22-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбай калганын, мындай чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялаган.

48 ПАРТИЯ ШАЙЛООГО КАТЫШУУ КААЛООСУН БИЛДИРГЕН

Борбордук шайлоо комиссиясына 20-декабрда дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиришкен 48 саясий партиядан билдирме келип түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 21-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу сунуш бир добуштан кабыл алынган.

Бирок 22-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ага ошол эле күнү кол койгон. Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, конституциялык реформадан кийин өткөрүлүшү керек.

Количество просмотров: 74