• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустун жаңы 7 учуру катталды. Бишкекте өрт өчүрүүчү автоунаа оодарылып кетти

25 Чын куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ УЧУРЛАРЫ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирустун жаңы 7 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында жазылат.

Маалыматта айтылгандай, акыркы суткада илдеттен айыккандар жана каза болгондор катталган эмес. Республика боюнча стационардык дарыланууда үч бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 18 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 386 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНАА КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Өрт өчүрүүгө шашылыш бара жаткан автоунаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 24-апрелде саат 20.00 чамасында Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-6 көчөсүндө турак жай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн.

«Кырсык катталган жерге Свердлов районунун №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам куткаруучулар дароо чыгышкан. Өрт чыккан дарекке шашылыш чыккан өрт өчүрүүчү эсептик бөлүмүнүн атайын унаасы жеңил унаа менен кагылышып кырсыкка кабылды. Адистештирилген өрт өчүрүүчү автоунааны атайын үн сигналы жана жаркыраган маяк менен айдап бара жаткан айдоочу жол бербеген жеңил унаа менен кагышкан», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, кырсыктын кесепетинен атайын өрт өчүрүүчү унаасы капталына аласалып, үч өрт өчүрүүчү жабыркаган.

ЭЛ КАТТООНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин республикада эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы өтөт.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, анын жүрүшүндө алыскы жана жетүүгө кыйын болгон региондордун калкы кайрадан катталат. Республиканын 15 районунда 116 калктуу пункт бар. Каттоо, биринчи этаптагыдай эле электрондук форматта өтөт.

Ошол эле учурда, 23-апрелден 2-майга чейин, калктын контролдук каттоосу өткөрүлөт. Кандайдыр бир себептерден улам каттоодон өтпөгөн адамдар чалуу борборуна 1216 номери боюнча кайрыла алышат.

Количество просмотров: 69