• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Курал-жарактарды мыйзамсыз сактагандар кармалды. Акыйкатчылыкка кимдер сунушталды?

16 Бугу 202314:02 Бишкек Govori.TV

АКЫЙКАТЧЫ КЫЗМАТЫНА ТАЛАПКЕРЛЕР СУНУШТАЛДЫ

16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди карап, экөөнү тең колдоду. Маселе 17-майда парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин фракцияларынан эки талапкер сунушталды.

«Ата Журт Кыргызстан» фракциясы талапкер катары башкы прокурордун мурдагы орун басары Жамиля Жаманбаеваны, ал эми «Ыйман нуру» фракциясы Кулира Кубатованы көрсөттү.

ОКУУЧУЛАР МАНАС АЙТТЫ

Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында 2 миң 500 окуучу хор менен Манас айтты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара «Урааным Манас» кароо-сынагынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.

КУРАЛ САКТАГАН ЖАРАНДАР КАРМАЛДЫ

Ош шаардык милициясы 15-майдан 16-майга караган түнү Ош шаарында курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандардын тобу кармалганын маалымдады.

Билдирүүдө айтылгандай, куралды мыйзамсыз алып жүрүүгө шектүү кылмыштуу топ жүргөн унаадан автомат жана 1 даана тапанча октору менен алынган. Кармоо учурунда алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, качууга аракет жасашкан.

«Унаада Аксы районунун 1996-жылы туулган тургуну,  Өзгөн районунун 1993-жылы туулган тургуну жана Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган тургуну болгон.  Учурда алгачкы тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган жарандар», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 180