• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргыз балбандары Азия чемпионатынын финалында. Алдамчылыкка шектелип аял-күйө кармалды

19 Чын куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС  ЭКИ АДАМДАН ТАБЫЛДЫ

Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирустун 2 жаңы учуру катталды.  Маалыматка ылайык, илдеттен 10 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 27 бейтап, амбулатордук түрдө 31 адам дарыланууда.

27 бейтаптын ичинен 19унун абалы орто оор, бешөөнүн абалы оор жана үчөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 982 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 341 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

ЖУБАЙЛАР АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 16-апрелде жарандардын телефондорун алдап алышып, из жашырып жүрүшкөн жубайлар кармалышты. шаардык милициясынын маалыматы боюнча,  26 жаштагы А.М., жана анын 20 жаштагы И.Г., аттуу аялы бир нече алдамчылыкка шектелип кармалышып, күйөөсү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аялынын боюнда бар болгондугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Экөө тең мурда башка кылмыштары үчүн соттолуп чыгышкан.

Жубайлардын үстүнөн Ош шаарынын аймагындагы жеке такси кызматынын айдоочуларынан арыздар келип түшкөн. Алар айдоочулардын кызматынан пайдаланып, андан соң, мобилдик телефондорун чалып алуу үчүн убактылуу сурап, изин жашырган.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн алдамчылык боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

АЗИЯ БИРИНЧИЛИГИ ӨТҮП ЖАТАТ

Кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыгышты.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, 19-апрелде Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта финалда казакстандык Мирамбек Айнагулов менен күрөшөт. Ал финалга чыкканга чейин индиялык балбанды 10:4 эсебинде, жарым финалда өзбекстандык спортчуну 13:7 эсебинде утуп алды.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта Азия чемпионатынын алтын байгеси үчүн казакстандык Максат Ережепов менен күрөшөт. Махмудов финалдык таймашка чыкканга чейин ирандык  балбанды 9:1 эсебинде, жарым финалда түштүк кореялык балбанды 4:1 эсебинде жеңип алды.

Байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Количество просмотров: 299