• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабылат. “Ысык-Ата” санаторийинде текшерүү жүрдү

28 Чын куран 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫЛАТ
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 29-апрелден 1-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, чек ара Кытайда Эмгек күнүн белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.
“Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринен унаалар жана жарандар 2-майдан тарта өтө баштайт.

АКЧА БАНКНОТТОРДУН ЖАҢЫ СЕРИЯСЫ ЧЫГАТ
Улуттук банк 10-майдан тарта 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунда алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын кооз жерлери сакталды. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды.
Банкноттор Кыргызстандын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз, милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

“ЫСЫК-АТАДА” МЫЙЗАМ БУЗУУ АНЫКТАЛДЫ
“Ысык-Ата” санаторийинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, санаторийдин мурунку мүдүрү жана санаторийдин айрым кызматкерлери жеке ишкерлер менен алардын материалдык кызыкчылыктарды максат кылып кылмыштуу бүтүмгө кирип, 2020-2022-жылдарга жалпы суммасы 12 млн 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.
«Ошондой эле эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу келишимдерди түзүшүп, санаторийге 1 млн 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен»,-деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 96