КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУС КАТТАЛДЫ
Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды.
«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», — деди министр.
Министрдин айтымында, ооруга чалдыккандар обсервацияда кармалып турушат.
Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.
Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн апта соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган. Буга чейин Кыргызстан коронавирус каттала элек өлкөлөрдүн катарында болчу.
ДЕПУТАТ ШАЙЛООНУ ЖЫЛДЫРУУНУ СУНУШТАДЫ
Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынынын күн тартибине депутаттар коронавирус кырдаалы боюнча маалымат угуу маселесин кошушту.
Депутат Акылбек Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын алдыдагы шайлоо боюнча маалыматын угуу үчүн анын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.
«Борбордук шайлоо комиссиясы сунуштамаларын берсин. Шайлоону токтотобузбу же электрондук шайлоого өтөбүзбү? Депутаттарды шайлайбыз деп кыргызстандыктар жабыркап калбасын», — деди Жапаров.
Депутат Иса Өмүркулов Борбордук шайлоо комиссиясы менен шайлоону аралаштырбоону суранып: «Биз өзүбүз ызы-чуу чыгарып жатабыз. Биз маалымат угуп, андан кийин чара колдонобуз. Шайлоо жана башка иш-чараларды жайына койгула», — деди.
ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ ТОКТОТУЛАТ
Бишкек шаарында жылуулук берүү бүгүнтөн таштап токтотулат. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Ардактуу шаардыктар! Борбордо жылуулук берүү сезону аяктады. Бүгүн, түнкү саат 00.00 жылуулук берүү токтотулат. Буйрукка жакын арада кол коюлат!”, – деп жазган ал.
кОШУМЧАЛАЙ КЕТСЕК, Ош шаарында жылуулук берүү бүгүн, 18-марттан тарта токтотулГАН. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.
Буйрукта ошондой эле, жылуулук менен камсыздоочу обьектилерин 2020-2021-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо жагы Ош жылуулук электр борборуна, «Жылуулук камсыздоо» муниципиалдык ишканасына, шаардык билим берүү башкармалыгына, саламаттыкты сактоо мекемелерине милдеттендирилген.