• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Кыргызстанда коронавирустан 43 адам көз жумду

25 Кулжа 202015:11 Бишкек Govori.TV

Коронавирустан 43 адам көз жумду

Таажы илдетинин кучагы күн санап жайылып баратат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча 25-июньга карата 228 адам жугузуп алган. Бүл көрсөткүч 24-июньга карата 21 учурга көп. Мадемин Каратаев, ооруну жугузуп алгандардын көбөйүшү элдин санитардык нормаларды сактабагандыгы деп эсептейт. Ал эми акыркы сутка ичинде ооруга чалдыккандардын арасынан 30 бейтап айыгып чыгарылган. Тилеке каршы оор абалда жаткан 49 жаштагы аял киши илдеттен көз жумган. Муну менен өлкөдө таажы илдетинен каза болгондордун жалпы саны 43 адамга жетти.

“Мен фейк эмесмин”

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин алдында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Акцияга чыккандар колдоруна “Баш кесмей бар, тил кесмей жок”, – деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турганын көрүүгө болот. Ошондой эле алар “Гүлшат Асылбекова, мен мыйзамга каршымын, бирок мен фейк эмесмин” деп кыйкырышууда. Жарандык активисттер “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун сөз эркиндигине карата басым катары баалап, аны артка чакыртып алуу талап кылышууда. Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда карайт. Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Катардагы жоокерди сабаган сержант күнөөлүү деп табылды

Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокери Кубанычбек Молдалиевди сабоо боюнча соттук териштирүү аяктады. Аскер кызматкери Кубанычбек Молдалиевди автомат менен башка урган, ал анын кесепетинен бир көзүнөн ажыраган. Жабырлануучу тарап катардагы жоокерди басмырлоого шектүү кенже сержанттын соттолушун жана бир миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөөсүн талап кылды.

Сот айыпталуучуну шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратты. Копменсация маселесин Мамлекеттик чек ара кызматы чечет. Аскер прокуратурасы соттун өкүмүнө макул эмес, себеби жабырлануучу башы ооругандыгы жана көзү көрбөй калгандыгы тууралуу дарыгерлерге дароо кайрылган эмес. Окуя Мамлекеттик чек ара кызматынын аркердик бөлүмөдрүнүн биринде болуп өткөн. Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө коменданттык взводдун командирлери кызматтарынан бошотулду.

Жөө күлүк Нарындан Бишкекке чейин беш күндө чуркап келди

45 жаштагы Оболбек Осмонов Нарын облусунун Талды-Суу айылынан бет алып, Бишкекке чейин беш күн ичинде жөө чуркап келди. Аны үч жардамчы унаа менен коштоп турушту. 2017-жылдан бери жөө жарыштарга катышып келген Оболбек Осмонов, өзүнүн бул жолку чуркоосун жаштарга арнап, аларды спортту сүйүүгө чакыраарын билдирди.

Количество просмотров: 156