• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Атамбаев Кой-Таш боюнча сотко катышат

28 Бирдин айы 202014:24 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАН КОРНАВИРУС АНЫКТАЛДЫ
Япониядагы Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) круиздик лайнериндеги кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык жарандан оорунун жеңил түрү тастыкталды, ал ооруканалардын биринде дарыланууда.
«Жалпысынан айтканда анын абалы канаттандыраарлык. Дене табы жогорулап, дем алууда кыйналып, жөтөлгөн жок. Бүгүнкү күндө Япониялык медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө», – деди ал.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, учурда коронавирустун 3 формасы бар экени аныкталган. Бул дартты жуктургандардын 80 пайызы жеңил түрү менен, 13-14 пайыздайы оор түрү менен, 6-7 пайызы өтө оор түрү менен катталган.


АТАМБАЕВ КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТКО КАТЫШАТ
Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, мурдагы президент Кой-Таш окуясы боюнча 2-мартка дайындалган соттук териштирүүгө катышарын билдирген.”Алмазбек Атамбаев сотко катышып, мыйзамсыздыкка жана укук бузууларга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болууну чечти” деп жазган Кундуз Жолдубаева.
2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөн. Ишти Биринчи Май райондук соту карайт. Алгачкы жараян 2-мартта болот.
Кой-Таш окуясы Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупция, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу сыяктуу ири сот иштеринин бири катары каралууда. Бир офицердин өлүмү менен коштолгон иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып коюлган.


БЛОГЕР СЫДЫМАНОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ
Блогер Элмирбек Сыдыманов үй камагына чыкты. Мындай чечимди 28-февралда Бишкек шаардык соту кабыл алды.
Интернетте Sydyman деген ат менен таанымал блогер улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутту деген шек менен 19-февралда эки айга камакка алынган. Мындан соң ал жаңылганын моюнуна алып, кечирим сураган. Ал эми апасы бийлик башчыларына кайрылып, уулун үй камагына чыгарууну өтүнгөн.
Элмирбек Сыдыманов «Инстаграм» баракчасында Сыдыман деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынган

Количество просмотров: 13975