• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстанга башка улуттагы жарандар убактылуу кирбейт. Тойлорго тыюу салынды

17 Жалган куран 2020 13:27 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ АКСЫ ОКУЯСЫНДА КАЗА БОЛГОНДОРДУ ЭСКЕРДИ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Аксы окуясында каза болгондордун элесине таазим кылды. Мамлекет башчы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылы Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель окуясында эркиндик үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Эске салсак, 2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган

ӨЛКӨГӨ БАШКА УЛУТТАГЫ ЖАРАНДАР УБАКТЫЛУУ КИРБЕЙТ
Кыргызстанга коронавируска байланыштуу чет өлкөнүн жарандары убактылуу киргизилбейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 17-мартта өткөн брифингде билдирди. “Бүгүн республикалык штабда бардык чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанга кирүүгө убактылуу тыюу салуу талкууланды. Жүк ташуучуларга гана чектөө жок болот.Көптөгөн мамлекеттер ушундай чара көрүп жатышат”, — деп билдирди Өмүрбекова. Бул арада “Кыргыз темир жолу” ишканасынын эл аралык каттамдагы жүргүнчү ташыган поезддери коронавируска байланыштуу убактылуу ишин токтотту. Ал эми тойканаларга массалык иш-чара өткөрүүгө тыюу салынды.

БШК ШАЙЛООГО ТЫЮУ САЛА АЛБАЙТ
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону башка убакытка жылдырууга же токтотууга укугу жок. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова “Govori.TVга” билдирди. “Эгер өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланса шайлоо болбой калуусу ыктымал, бирок БШК өзү билип шайлоону токтото же башка убакытка жылдыра албайт. Биз шайлоого аттанып жаткан партияларга көпчүлуктү чогултпоо тууралуу сураныч келтирип жатабыз. Мындан тышкары партияларга көмөк көрсөтүү максатында үгүттөөнүн башка да жолдорун, мисалы телевизиондук эфир убактысын көбөйтүү сыяктуу жолдорду карап жатабыз. Президент, парламент өлкөгө өзгөчө кырдаалды киргизсе шайлоо токтойт, ансыз Борбордук шайлоо комиссиясы токтото албайт”, – деди Абдрахматова. Белгилей кетсек буга чейин дүйнө жүзүндө тарап жаткан коронавируска байланыштуу жергиликтүү шайлоолор башка мезгилге жылдырылышы ыктымал экенин айтылган. Эске салсак, ушул күндөрү Кыргызстанда беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоого үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот.

Количество просмотров: 123