• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстанга Токаев келди. Мугалим менен окуучунун чыры териштирилет

26 Бугу 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАНГА ТОКАЕВ КЕЛДИ

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди «Манас» эл аралык аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Расмий маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери менен жолугушуулар өтөт. Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.  Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанга келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды.
Токаев 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат. Бишкектеги жыйын видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.  Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.
2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.
Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

МУГАЛИМ МЕНЕН ОКУУЧУНУН ЧЫРЫ

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 26-майда тараткан билдирүүдө Сузак районундагы мектепте болгон окуя боюнча 25-май күнү Сузак райондук милициясына катталып, алдын ала текшерүү жүргүзүлгөнү айтылат.

“Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, мектептин 7-классынын окуучусу Д.Хны информатика сабагынан мугалим Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган. Мугалим 23-май күнү 7-класстын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кеткен учурда, сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткен. Окуучу Д.Х. орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып, тарбиялык мааниде уруп жибергенин айткан”, — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында, атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөрүп, иштен кеткен окуялар катталган.

УКМК КЫЗМАТКЕРИНЕ ПАРА БЕРГЕН АДАМ КАРМАЛДЫ

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сунуштаган.

«Ушул жылдын 24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Пригородный айыл аймагынынкирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. кармалды»,-деп айтылат маалыматта. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 482