• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өлкөдө тил күнү белгиленүүдө. Финпол казынага 6млн. сом салык түшпөй калганын аныктады

23 Аяк оона 2020 14:11 Бишкек Govori.TV

БҮГҮН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз бир жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өткөнү, өз ара түшүнүшүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланганы айтылат.

Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынганына бүгүн туура 31 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий макамга ээ.

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргызстанда атайын иш-чаралар өтүп жатат.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 23-сентябрга карата 88 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 108и айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 630 ​кишиге жетти. Алардын 41 904ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтап болгондордун 3 208 медицина кызматкерлери. Алардын 2 874ү сакайды. Жетимиштен ашууну көз жумду.

САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 21-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги Ленин райондук бөлүмүнүн биринин башчысы кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам башка кызматкерлер менен өз ара сүйлөшүп алып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда. Алар Кыргызстандын жарандарынын атына алардын катышуусуз жана кабардар кылбай туруп мыйзамсыз патент берген. Аны менен Евразия Экономикалык Биримдигинен күнүмдүк товарлар ташылган жана мамлекеттик казынага алты миллиондой сом салык түшкөн эмес.

Кармалган жетекчи азыр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында. Бүгүн, 23-сентябрда Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карайт.

Мамлекеттик салык кызматы Финансы полициясынын маалыматына комментарий бере элек.

Количество просмотров: 108