• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өлкөдө вирустун «британиялык» штаммы табылды. Бишкекте аял Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалды

22 Чын куран 2021 14:05 Бишкек Govori.TV


ӨЛКӨДӨ ВИРУСТУН «БРИТАНИЯЛЫК» ШТАММЫ ТАБЫЛДЫ

Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун «британиялык» штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Министрдин айтымында, Москвадагы лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда штаммдын бар экендигин тастыктаган. Буга чейин жаш дарыгер Эрмек Исмаилов жаңы штамм келсе деле, Кыргызстанда аны аныктай ала турган жабдыктар жок экендигин билдирген. Былтыр декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга бат экени маалым болгон.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 380 кишиден жаңы аныкталып, илдеттен беш адам каза болду. Бул тууралуу 22-апрелде Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. 22-апрелге карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 164 адамды түздү. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 90 миң 6 кишиге жукту. Анын 87 миң 554ү айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1566 адам кайтыш болду.

ЖОГОРКУ СОТКО ТӨРАЙЫМ ШАЙЛАНДЫ

Нургүл Бакирова Жогорку Соттун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде Судьялар кеңеши Жогорку Соттун төрайымын жана анын орун басарын шайлашты. Судьялар бир добуштан буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Нургүл Бакированын талапкерлигин төрайым кызматына колдошту. Ал эми Жогорку Соттун төрайымынын орун басарлыгына судья Качыке Эсенканов шайланды.

БИШКЕКТЕ АЯЛ ФЕЙСБУКТАГЫ БИЛДИРҮҮЛӨРҮ ҮЧҮН КАРМАЛДЫ

Диний жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген аял киши кармалды, деп билдирди бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарына караштуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы. Шектүүнүн үстүнөн 19-февралда милицияга арыз келип түшкөн. Шаар тургуну аны Фейсбуктагы баракчасы аркылуу диний жана аймактар аралык кастыкты козутууда деп айыптаган. Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) менен катталган. Бишкек ШИИББдин кызматкерлери 1973-жылы туулган шектүүнү кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 171