• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Матраимовдун өнөктөшү делген ишкер өлтүрүлдү. Ундун баасы даагы көтөрүлдү

11 Жетинин айы 2019 14:01 Бишкек Govori.TV

Антошкадагы” жарылуудан жабыркагандардын экөөсүнүн абалы оор

Чүй проспектиси менен Эркиндик  бульварынын кесилишинде жайгашкан тез татымдагы жарылууда жабыркагандардын жетөөсү Бишкектеги №4 травматологиялык ооруканасында. Бул тууралуу Govori.TVга Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ооруканада калгандардын экөөсүнүн абалы туруктуу оор бойдон калууда. Ал эми калгандарынын абалы туруктуу. Алардын арасында бир кичинекей бала бар.
“Учурда жабыркагандар Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда, дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп кошумчалады маалымат катчы.
Эске салсак, 8-ноябрда “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайындагы “Антошка” аталышындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы кыз (ошол жердин кызматкери) көз жумган. Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Матраимовдун өнөктөшү делген ишкер Айэркен Саймаитини атып кетишти

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат кызматтары кабар таратышты. Окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан.
Белгилей кетсек, Айэркен Саймаити Кыргызстанда дагы иш жүргүзгөн уйгур ишкерлеринен. Анын ысмы «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» иликтөөсүндө аты аталган. Анда Айэркен Саймаитинин Матраимовдор менен байланышы айтылып, «Исмаил Ата» фондуна акча которгону белгиленген.
Стамбул шаардык прокуратурасы Айэркен Саймаитиге куралдуу кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, окуя болгон жерде изилдөө жүргүзүлүүдө. 


Ноябрь айынын биринчи аптасында ун дагы кымбаттады

Ноябрь айынын биринчи жумасында мониторингге ылайык, Кыргызстанда жогорку жана биринчи сорттогу ундун баасы дагы жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Буга чейин өкмөт бир жылдын ичинде биринчи сорттогу ундун килограммы 18,4 пайызга жогорулаганын билдирген.
Ун октябрь айында сентябрга салыштырмалуу килограммына 1,47 сомго (3,9 пайыз) кымбаттаган болчу. Ал эми бир жуманын ичинде дагы 40 тыйынга (1 пайыз) жогорулады, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ушул тапта жогорку сорттогу буудай уну Бишкек шаарында 39 сомго, Ош шаарында 51 сомго, Ноокатта 50 сомго, Балыкчыда 45 сомго, Чаекте 36 сомго, Токтогулда 37 сомго, ал эми Баткенде 39 сомго бааланып жатат.

Количество просмотров: 223