АЙМАКТАРДА БАЛА БАКЧАЛАР ЖАБЫЛДЫ
Кыргызстанда 1 миң 865 мектепке чейинки билим берүү мекеменин ичинен 47си жабылды, ал 2,5 пайызды түзөт. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Аймактар боюнча алганда Нарын облусунда 22 бала бакча, Чүй облусунда 5, Талас облусунда 1,
Жалал-Абад облусунда 17 жана Баткен облусунда 2 бала бакча жабылды.
Кошумчалай кетсек, Ат-Башы районунда 21 мектеп менен Майлуу-Суу шаарындагы мектептер онлайн окутууга өттү. Жалпы 200 мектеп аралыктан билим берүүдө: Талас облусунда үч мектеп, Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 154, Ош облусунда 1-класстын окуучулары онлайн окууда.
МАЙЛУУ-СУУДА ОТКАЗАНДАР ИШКЕ КИРДИ
Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында №1 жана №4 отказан ишке киргизилип, көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан сырткары, “Кыргызнефтегаз” ишканасы шаардын Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритүү иштерин аткарды. Жыйынтыгында жалпы 1 234 абоненттин 807 абонентине ысык суу берилди.
Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган 3 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Мындан соң өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
МЕКЕНДЕШТЕРИН ТОНОГОН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ
Москвада мекендештерин тоногон кыргыз жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармалгандыгын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 11-январь түнү Москва шаарынын аймагында төрт белгисиз адам Кыргызстандын жаранын автоунаага отургузуп, сабап, акчасын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Барымтага алган кишини “өлтүрөбүз” деп коркутуп, 100 миң рубль өлчөмүндөгү акча талап кылышкан.
Бул факты Орусиянын ИИМинин Москва шаарынын Бибирево району боюнча бөлүмүндө катталып, кылмыш иши козголгон. Кармоо учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган.
Кармалгандардын лидери Базар-Коргон районунун 31 жаштагы тургуну, “Аза большой” каймана аты менен белгилүү жаран экендиги маалымдалды. Андан башка Базар-Коргон районунун 31 жаштагы, Лейлек районунун 35 жаштагы жана Талас районунун ушул эле курактагы тургуну кармалганы маалымдалды.